Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кыргыз элин Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.
“Урматтуу достор, сиздерди Ата Мекенди коргоочулар күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Ар бир эр-азамат адам үчүн Ата Мекенди коргоодон өткөн ыйык милдет жок. Ата Мекен коргоочулар сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайм. Мекендин бейпил турмушун коргоп жаткан жалпы аскерлерибизге жана жарандарыбызга миң мертебе таазим кылабыз”, - деп жазган Султанбаев.
Ошондой эле президенттин аскердеги сүрөттөрүн жарыялап, сержант Жапаров Советтик армиянын катарында аскердик милдетин эң мыкты өтөгөнү үчүн сыйланганын жазган.
“Төмөндөгү сүрөттөрдө президентибиз, Садыр Нургожоевичтин аскердик милдетин өтөп жүргөн кези чагылдырылган. Ошондой эле, сержант Жапаров Советтик армиянын катарында аскердик милдетин өтөө учурундагы эң мыкты көрсөткүчтөрү үчүн сыйланганын көрүүгө болот. Анын биринде жоокер Жапаров сөз сүйлөп бүтүп, аскер башчыларынын жанында турат (арткы планда, микрофондун жанында). Башка сүрөттө аскер бөлүгүнүн командиринин аскердик милдетине берилгендиги үчүн сержант Садыр Жапаровго ыраазычылыгы.
Садыр Нургожоевич белгилүү Сибирь Кызыл туу аскердик округундагы 57849 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн”, - дейт Султанбаев.