Эртең, 24-февралда Жогорку Кеңеште Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө маселе каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартиби боюнча 14 маселе каралат. “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоору, "Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору, “Тышкы чалгындоо иши жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланат.