Борбордук шайлоо комиссиясында депутаттыкка талапкерлер менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
БШКнын Ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров шайлоо процессинин бардык катышуучуларына бардык бузуулар боюнча кайрылууга болорун эске салды. Ошол эле учурда БШКнын милдети андан ары көрүлгөн чаралар тууралуу коомчулукка маалымдоо болуп саналарын белгиледи. Арыз, даттануу, кайрылууларды 1255 кыска номерине жиберсе болот.
Шайназаров БШК ачык иш жүргүзөрүн баса белгиледи.