Борбордук шайлоо комиссиясында депутаттыкка талапкерлер менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов талапкерлерге кайрылып, шайлоо эркин жана адилет өтүшү үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо процессине кийлигишпөөгө тийиш. Аларга үгүт жүргүзүүгө же талапкерлерге башка түрдө көмөктөшүүгө же каршы иш жүргүзүүгө такыр тыюу салынган. "Администрациялык ресурс жана добуштарды сатып алуу добуш берүүнүн жыйынтыгына кыйыр түрдө таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан администрациялык ресурсту колдонуу мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартууга алып келет", - дейт ал.