Украинанын президенти Володимир Зеленський 24-февралга караган түнү Орусиянын жарандарына орус тилинде видео кайрылуу жасады.
Зеленський өз кайрылуусунда Украина эли тынчтыкты каалаарын айтып, Орусиядан "Согушту каалайсыңарбы?" деп сурады. Мындан тышкары, Украинанын президенти Киевге согуштун кереги жок экенин айтты.
"Бирок эгерде душмандар бизге кол салса, өлкөбүздү, эркиндигибизди тартып алууга аракет кылышса, биз өзүбүздү коргойбуз", - деди ал.
Зеленськийдин Орусияга кайрылуусундагы негизги учурлар:
Украина согушту каалабайт жана сүйлөшүүлөргө даяр;
Зеленський Орусиянын президенти менен сүйлөшүү демилгесин көтөрдү, бирок орус тараптан жооп болгон жок;
Согуш коркунучтуу;
Учурда Украина кандайдыр бир коргонуу альянстарынан тышкары;
Кол салуу болгон учурда Украина өзүн коргойт.