Украина эли орусиялык күчтөрүнүн негизсиз чабуулуна кабылды. Бул тууралуу АКШнын президенти Жо Байден билдиргенин РИА Новости басылмасы жазды.
"Бүгүн түнү бүткүл дүйнөнүн сыйынуусу орус куралдуу күчтөрүнүн негизсиз чабуулуна дуушар болгон Украина эли үчүн болду. Президент Путин катастрофалык жоготууларга жана азаптарга алып келе турган алдын ала пландалган согушту тандап алды", - деп жазылат Байдендин билдирүүсүндө.
"Бул кол салуу алып келе турган өлүм жана кыйроолор үчүн Орусия гана жооптуу", - деп кошумчалаган АКШ президенти.
Байден АКШ жана өнөктөштөрү менен биргелешип жана буга чечкиндүү жооп берерин убада кылган.
“Дүйнө Орусияны жоопко тартат", - деген Байден.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция өткөрүлөрүн билдирген. Ошол эле учурда ал Орусиянын пландарында Украинаны оккупациялоо камтылбаганын белгилеген.