Украинанын борбору Киевде жана бир нече шаарларында жардыруу болгону тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Ага ылайык, ар кандай жарылуулардын үнү чыгып жатканы тууралуу шаар тургундары интернеттеги баракчаларына жазышууда.
Украина коопсуздук үчүн өз аймагында жарандык авиация үчүн аба мейкиндигин убактылуу жапты.
Муну менен катар Киевдин тургундары массалык түрдө шаардан чыгып кетип жатканы тууралуу маалыматтар да айтылууда.