Володимир Зеленський Путинге каршы коалиция түзүлүп жатканын билдирди

Бүгүн, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал күчөп кетти. Буга байланыштуу Украинанын президенти Володимир Зеленський Путинге каршы коалиция түзүлөрүн билдирди.

Тактап айтканда, Зеленський АКШнын, Германиянын, Польшанын жана Улуу Британиянын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Биз Путинге каршы коалиция түзүп жатабыз. Токтоосуз санкциялар киргизилип, каржылык жана коргоо жактан колдоо болот. Аба мейкиндигин жапкыла! Дүйнө Орусияны тынчтыкка мажбурлашы керек", - деп айтылат анын билдирүүсүндө.


Буга чейин Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Men_ele
2022-02-24 14:09:25
Батыштын куурчагы...
+7
Mister-XXX
2022-02-24 14:50:41
Men_ele,Минус басылып кетти.Туура айттын.Америкага ишенип баарынан ажырай турганы калды.
+7
Sanjura
2022-02-24 16:14:50
Эхх Володя сенин айыңдан кыргыздарда кыйналабыз эми
+2
Akjol18
2022-02-24 23:36:25
Бул жерде АКШ менен Россиянын стратегиялык кызыкчылыктары бар да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан