Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн Су-27 учагы Румыниянын аба чек арасын мыйзамсыз бузуп, конууга аргасыз болду. Мындай маалымат Румыниянын улуттук коргоо министрлигинин сайтына жарыяланды.
Министрликтин билдирүүсүндө, Румыниянын эки F-16 учагы украиналык учакты Бакэу авиа базасына конууга мажбурлаган. Окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:15те өлкөнүн түндүгүндө болгон. Конгондон кийин украиналык учкуч өз ыктыяры менен багынып берген.
Учурда бул боюнча тиешелүү органдар иш алып барууда.
Буга чейин Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген.