Украина Орусия менен болгон бардык дипломатиялык мамилесин үздү

Украинанын президенти Володимир Зеленський Украина Орусия менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал "Украина 24" телеканалы аркылуу айтканын чет элдик басылмалар жазышты.

"Бүгүнкү таң тарыхта калды. Бирок бул окуя биздин өлкө менен Орусия үчүн таптакыр башкача. Биз Орусия менен дипломатиялык мамилени үздүк", - деген Зеленський.

Ал кошумчалагандай, Украина өзүн коргоп жатат жана эркиндиктен баш тартпайт.

"Орусия экинчи дүйнөлүк согушта Германияга окшоп, биздин өлкөгө ыплас, жан кечтилик менен кол салды. Алар жамандыктын жолунда, бирок көп нерсе орус элинен көз каранды. Ар бир жараны кайсы жолго барарын өздөрү тандайт", - деген Украинанын президенти.

Буга чейин Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан