Украина Орусиянын Ка-52 тик учагын атып түшүргөнүн билдирди

Украинанын Киев облусундагы Межигорье аймагынан Орусиянын Ка-52 тик учагы атып түшүрүлдү. Бул тууралуу Украинанын Стратегиялык байланыш жана маалыматтык коопсуздук борборуна таянуу менен "Украинская правда" басылмасы жазды.

"Дагы бир минус: Орусиянын Ка-52 тик учагы Межигорьеде атып түшүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген. Андан кийин Орусия Украинага бир нече ирет сокку урганы, Украина өз кезегинде жооп берип жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан