Орусия-Украина кырдаалы: "Черноблды Орусия көзөмөлдөөдө". Түнү менен эмне болду?

Бүгүн, 25-февралга караган түнү Украинанын бир нече аймагында атышуулар угулду. Чет элдик басылмалардын жазганына караганда, Европанын бир нече өлкөлөрү Орусияга виза берүүнү токтото баштады.

Орусия менен Украинанын ортосундагы акыркы кырдаал:

Украинада жалпы мобилизация жарыяланды;

Anonymous компаниясынын хакерлери Орусияга согуш жарыялашты. Белгилүү RT сайты иштебей калды;

Украинанын президенти 137 адам өлгөнүн билдирди;

НАТО Орусия "абдан жогорку экономикалык жана саясий бааны төлөйт" деп убада кылды;

Европа өлкөлөрү жана Япония орусиялыктарга виза берүүнү токтото баштады;

Орус аскерлери Чернобыль атомдук электр станциясын басып алышты;

Сутка ичинде украин аскерлери орус армиясынын 30 танкын, 130 бронетехникасын, 5 учагын жана 6 тик учагын жок кылды. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы билдирди;

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аскердик инфраструктурасынын 83 жер үстүндөгү объектисин талкалаганын, 4 учакты, төрт Bayraktar ​​учкучсуз учагын жана бир тик учакты атып түшүргөнүн билдирди;

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Blueaffair
2022-02-25 08:18:03
Орустар чычты короче
+4
Mister-XXX
2022-02-25 16:23:28
Blueaffair,Орустар эмес Украина орустарга каршы чыгышты.НАТОну киргизгенде Россия үчүн кооптуу болуп калмак.
-1
Cholpon.93
2022-02-25 09:03:11
Аллахым дуйнодо тынчылык эле болсо экен.
+4
Dftyhbv
2022-02-25 10:38:50
Ушул талкууну жабып эле койсонор жакшы болот эле элгерчиликта ар ким ар нерсе дей берет
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан