Мамлекеттик салык кызматынын Сузак району боюнча инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча башкармалыгынын инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, УКМК тарабынан 343-беренесинин 1-бөлүгү "Опузалап пара алуу" боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп жаткан.

"Салык кызматкери Жалал-Абад шаарынын тургунун патентти жабуу, салык карызын кечиктиргендиги үчүн маселени оң жагына чечип берүү үчүн кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып жарандан опузалап акча каражатын талап кылган.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 23-февралда Мамлекеттик салык кызматынын Сузак району боюнча башкармалыгынын инспектору Ж.Д.Д. паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалып, Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары улантылууда", - дешти комитеттен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан