Бүгүн, 25-февраль эртең мененкиге карата Орусия менен Украинанын ортосундагы кырдаал тынч эмес. Буга байланыштуу Украинанын президенти Володимир Зеленский өлкө боюнча жалпы мобилизация жарыялады.
Италиянын премьер-министри Марио Драги Зеленский аны менен телефон аркылуу сүйлөшүү пландалганына карабай байланышка чыкпай калганын айтты.
Украинанын Ички иштер министрлиги Жогорку Раданын депутаттарына курал-жарак таратты.
Чемпиондор Лигасынын финалы Санкт-Петербург шаарынан Париж шаарына жылдырылды.
Associated Press агенттиги Киевдин өкмөттүк кварталында ок атышуулар угулуп жатканын кабарлады. Шаарда аба коркунучу жарыяланды.
Киевде аба чабуулунун сиреналары жаңырды.
Талибдер Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырышууда.
Орусиянын аскерлери Киевдин түндүгүндөгү Оболонь аймагына кирди. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлиги кабарлады.
Зеленский Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүн согушка каршы коалиция түзүүгө жана биргелешип Орусияны тынчтыкка мажбурлоого чакырды. Сунушталган чаралардын тизмесинде Орусияга экономикалык кысым көрсөтүү жана Украинага аскердик жардам көрсөтүү бар.
Херсон шаарында сигнализациялык сирена жаңырууда. Шаар бийлиги карапайым калкты бомбадан баш калкалоочу жайларга жашынууга чакырды.
Украина Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке Чернобыль атомдук электр станциясынын аймагындагы объектилерди көзөмөлдөөнү жоготкондугун билдирди.
Украинанын Ички иштер министрлиги: "Конотоп шаары орус аскерлеринин курчоосунда. Сумы шаарында көчө салгылашуулары уланып жатат".
Украианын ички иштер министринин орун басары Антон Геращенко твиттердеги баракчасына Орусиянын аскер кызматкерлери Киевге танк чабуулун баштап жатканын жазды.
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Киев расмий түрдө Анкарага Орусиянын аскердик кемелеринин Босфор жана Дарданелл кысыктары аркылуу өтүшүнө жол бербешин суранганын ырастады.
Украинанын президенти Володимир Зеленский Орусия менен Украинанын ортосунда согушту токтотуу боюнча диалог эртеби-кечпи башталаарын айтты.
Киевди көздөй жылып келе жаткан Орус танктарын украиналык күчтөр көпрөнү бусуп, токтотуп турууга аргасыз болушту. Учурда бул аймакта салгылашуу уланууда.
Киевде кайрадан абадан коргонуунун сиреналары жаңырууда.
Орус танктары Киевди көздөй жылып бара жатат. Бирок Иванков шаарчасынын жанында аларды украиналык күчтөр тосуп, салгылашуу уланууда. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабындагы өздүк булактарга таянуу менен "Украинская правда" басылмасы жазды.
Украинанын Улуттук банкы орус жана белорус валютасы менен валюталык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салды.
CNN телеканалы АКШ президентинин администрациясындагы булакка таянуу менен орус аскерлери Киевден 32 чакырым алыстыкта жайгашканын билдирди. Учурда бул аймакта кагылышуу уланууда.
Киевде согуштук коркунучтардан улам курал-жарак таратылууда.
Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө НАТО Украинадагы кырдаал боюнча чукул саммитке чогулат.
Орусиянын "Калибр" канаттуу ракетасы атып түшүрүлдү. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министринин орун басары Антон Геращенко брифингде билдирди.
Киевдеги жардыруудан кеминде 3 адам жабыркаганын, алардын биринин абалы оор экенин Киевдин мэри Виталий Кличко билдирди.
Украинанын Песочин, Одесса, Киев шаарларында сиреналардын үнү жаңырып, аба эскертүүсү жарыяланды!