Учурда Украинанын аймагында 1357 Кыргыз жараны бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, алардын ичинен 680и элчиликтин консулдук каттоосунда турат.
"Украинадагы элчиликке 300дөн ашуун жарандан мекенине кайтуу боюнча кайрылуулар түштү.
Азыркы кезде Украинадагы абалга байланыштуу аталган аймакта аба каттамдары токтотулган. Мындан улам ТИМ Кыргыз жарандарын эвакуациялоо маселесин карап жатат", - деп билдиришти мекемеден.
Тышкы иштер министрлиги Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчилигинде ыкчам байланыш телефондору иштеп жатканын эскертет.
Украинадагы элчилик:
+380997573413;
+380442370346;
+380442370348 (Вотсап)
Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти:
+996 551 312 000 - ыкчам чалуулар;
+996 703 428 865;
+996 709 983 465;
+996 554 065 215.