Чүйдүн Аламүдүн районунда 18 жаштагы Тигай Павел Алексеевич дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 18-февралда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келген эмес.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, милиция кызматкерлери Павел Тигайды табууга жардам сурайт.
Изделип жаткан баланын белгилери: Бою 170-175 сантиметр, арык, чачтары узун, ийинге чейин, кой көз.
Үйүнөн чыгып кеткен күнү көк түстөгү күрмө, боз түстөгү толстовка, спорттук шым, бутунда көлөч.
Эгерде сүрөттөгү жаранды көрүп, билгендер болсо маалымат берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.
Байланыш номерлери: 0(312) 36-35-27, 0(550) 34-33-63, 0(504) 77-22-77, 0(709) 21 18-08.