Орусияда мигранттар документ алуу үчүн кайрадан узун кезекке турушууда. Коомчулукка бул тууралуу видео материал тарап жатат.
"Бүгүн, 26-февраль таңкы саат 07:18. Биз Сахароводогу медициналык кароо жана бармак издери өтүүчү жайга 06:30 чамасында келгенбиз. Кезек күткөндөрдүн саны барган сайын көбөйүп жатат" - деп айтылат видео материалда.
Эскерте кетсек, буга чейин Орусиянын борбору Москва шаарында мигранттар медициналык кароодон өтүү үчүн таң эртеден түн бир оокумга чейин кезекке турууга аргасыз болуп жаткандарын айтып чыгышкан.
Бул маалымат коомчулукка тараган соң өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Москва шаарынын “Сахарово” көп функционалдуу миграциялык борборунда атайын өзүнчө кабыл алуу тилкесин уюштурган.