Украинанын президенти Володимир Зеленський элине кезектеги кайрылуусун жасады. Ал президенттик кеңсенин жанынан видео тартып, буларга токтолду.
"Кутман таң, украиналыктар. Түн ичинде мени курал-жаракты таштоого буйрук берип жатат деген өңүттөгү бир топ кабарлар жарыяланды.
Демек, мындай, мен бул жердемин. Биз курал-жаракты таштабайбыз. Биз армиябызга, өлкөбүзгө ишенебиз. Биз жергебизди коргойбуз! Украинага даңк!", - деп айтат.
Белгилей кетсек, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген. Кагылыш 3 күндөн бери уланууда.