Украинадагы соңку кырдаалга байланыштуу Киевде тургундар метродо баш калкалап жатышкан. Узап кеткен түнү метродо ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 25-февралда азыркы учурда жардыруулардан сактануучу жай катары колдонулуп жаткан Киев метросунда ымыркай жарык дүйнөгө келди. Жаңы төрөлгөн кызга ата-энеси Мия деген ысым ыйгарышты.
"Ымыркай баш калкалоочу жайда төрөлдү. Бирок кандай шартта болбосун, бул үй-бүлө үчүн бакыт", - деп жазылат маалыматта.