Жоготуу, көз жаш, эненин ыйы... Таш-талканы чыккан Украинадагы кырдаал сүрөттөрдө

24-февралдан бери Орусия менен Украинанын ортосундагы тиреш бүткүл дүйнөнү дүрбөлөңгө салууда. 3 күн аралыгында адамдар набыт болуп, бир нече имараттар талкаланды. Алдыдагы кырдаал али белгисиз. Жагымсыз кабарлар жер шаарынын булуң-бурчуна абадай тарап, дүйнө эли Украинага назарын салып турган маал. Биз бүткүл адамзат кайгысын сүрөттөр аркылуу жеткирүүгө аракет кылдык.

24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирди.

24-февралда Украинанын Киев, Краматорск, Одесса, Харьков жана Бердянск шаарларында жардыруунун үндөрү угулуп жатканы маалымдалды.

24-февралда Украинанын президенти Володимир Зеленський Киевде аскердик абал киргизилип жатканын билдирди.

Ошол учурда Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Украинадагы окуяларды согуш деп айтууга болбой турганын, анткени бул атайын аскердик операция экенин билдирди.

Киевдин тургундары 24-февралда массалык түрдө шаардан чыгып кетип жатканы тууралуу маалыматтар да айтылды.

Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаалга байланыштуу Украинанын президенти Володимир Зеленський Путинге каршы коалиция түзүлөрүн айтты.

Володимир Зеленський Украина Орусия менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн билдирди.

Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенконун 24-февралдагы маалыматында, Одесса шаарынын жанындагы аскердик бөлүктө жардыруу учурунда 6 адам каза болуп, 7 киши жарадар болуп, 19 адам дайынсыз жоголгону кабарланды.

25-февраль күнү эртең менен Киев шаарында бир нече секунд аралыгында эки жардыруу болгону маалымдалды.

25-февралда Украинанын президенти Володимир Зеленськийди коопсуздук үчүн бункерге алып кетишти деген билдирүү айтылды.

Ал арада Орусиянын президенти Владимир Путин украин аскерлерине кайрылуу жасады.

26-февралда Володимир Зеленський элине кезектеги кайрылуусун жасап, түн ичинде курал-жаракты таштоого буйрук берди деген маалыматты четке какты.

Украинадагы соңку кырдаалга байланыштуу Киевде тургундар метродо баш калкалап жатышкан. Метродо ымыркай жарык дүйнөгө келди.

Бир катар чет элдик компаниялар Орусия менен иш алып барууну убактылуу токтотконун маалымдашты.

Дүйнөнүн булуң-бурчунда кан төгүүлөргө каршы митингдер өтүүдө.

Дүйнөдө тынчтык болсун!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2022-02-26 23:05:10
Ушул Украина Россия согушун. Ыдырыс Исаков өзүнүн каналына өтө жакшы түшүндүрүп айтыптыр Украина сулуу аял Орусия зөөкүр күйөөсү деп
0
Danysh1
2022-02-27 08:44:43
Asmat84, шарият боюнча сулуу аялы болсо да сойкуга айланып баратса же башка эркек менен журуп баратса эскертип кой ага да конбосо шапалак менен ур деген мына шапалак менен чапты эми онолот куйом бар турбайбы деп
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан