Украинанын зениттик-ракеталык полку Харьков шаарына жакын жерде өз ыктыяры менен куралын таштады. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигине таянуу менен РИА Новости басылмасы жазды.
"Харьков облусунда украин аскерлеринин 302-зениттик-ракеталык полку өз ыктыяры менен куралын таштап, 471 аскер кызматкери кармалды", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле бүгүнкү күндө Украинанын аскердик инфраструктурасынын 975 объектисине орусиялык учактар сокку урган. Мындан тышкары, өткөн суткада Орусиянын Куралдуу күчтөрү Херсон жана Бердянск шаарларын тоскон жана Херсон шаарына жакын Чернобаевка аэродромдору Орусиянын көзөмөлүнө алынган.
Буга чейин Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын аймагында бардык багыттар боюнча чабуулду күчөткөндүгү кабарланган.