ИИМге үгүт иши башталгандан бери 23 арыз түштү. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда брифингде Ички иштер министрлигинин өкүлү Султан Макилов билдирди.
"Үгүт иши башталгандан тарта 23 маалымат түшкөн. Свердлов шайлоо округу боюнча 12, Биринчи Май райондук округу боюнча 9 маалымат түштү. Добуш сатып алуу боюнча 3 кылмыш иш козголду. Свердлов шайлоо окуругу боюнча үгүтчүлөргө айып коюлду. БШК менен тыгыз иш жүргүзүп жатышат. БШКдан 9 факты келип түштү. Тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат", - дейт ал.