Биз социалдык тармакта

Бир күн мурда Бишкекте өрт чыккан батирден аялдын жансыз денеси табылган. Маркумдун өлүмүнө шектүү кармалды


Бир күн мурда Бишкекте батирден өрт чыгып, аялдын жансыз денеси табылганы кабарланган. Бүгүн, 27-февралда маркум киши колдуу каза болгону милиция тарабынан белгилүү болду.

Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, 26-февралда саат 08:30 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда 3-кичи райондогу көп кабаттуу турак үйлөрдүн бириндеги батирден өрт чыгып, бир кишинин жансыз денеси аныкталганы кабарланган.

"Жерине ыкчам топ барып 1991-жылы туулган А.С. аттуу кыздын жансыз денесин аныкташкан. Маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзгөндө көк ала тактар бар экени белгилүү болду.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 122-берене (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Кылмышка шектелип 2003-жылы туулган А.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары улантылууда, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - дешет мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан