Свердлов окуругу боюнча саат 14:00гө карата 16 миң 354 шайлоочу добуш берди. Бул туурадуу аталган шойлоо окуругунун комиссиясынын төрагасы Айбек Кулданов брифингде билдирди.
Бул шайлоочулардын жалпы санынын 15,35 пайызын түзөт. "Жалпысынан шайлоо тынч маанайда өтүп жатат. Электр энергиясы өчкөн учур катталды. Бул көйгөй убагында чечилди", - дейт ал.
Бишкек шаарынын Биринчи Май жана Свердлов шайлоо окуругунда кайра шайлоо өтүп жатат.