Бүгүн, 27-февралда Борбордук шайлоо комиссиясына 9 даттануу арызы келип түштү. Бул тууралуу аталган комиссиянын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев билдирди.
"Бүгүн 9 арыз даттануу түштү. Анын 6сы добуш сатып алуу, 1 арыз үгүт материалдар, 1 арыз добуш берүүнүн купуя сырын бузуу боюнча болду", - дейт ал.
Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май округунда кайра шайлоо өтүүдө.
Белгилей кетсек, 28-ноябрда өткөн шайлоодо аталган эки округда шайлоого катышкан жарандардын баарына каршы добуш бергендердин саны көп болгон. Анда Биринчи Май районунда 32,92 пайыз, Свердлов районунда 37,48 пайыз бардыгына каршы добуш берген.