Украина Орусиянын өкүлдөрү менен Беларустун Гомель шаарында жолугуп сүйлөшүү жүргүзүүгө макул болду. Бул тууралуу РИА Новости делегациянын башчысы, президенттин жардамчысы Владимир Мединскийге таянуу менен жазып чыкты.
Бүгүн, 27-февралда Орусиянын делегациясы украиналыктар менен сүйлөшүү үчүн Минск шаарына барган. Алар сүйлөшүүнү Гомелде баштоого даяр экенин маалымдаган.