Украинадагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо иштери бүгүн башталат

Украинадагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо иштери бүгүн башталат. Мындай маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

"Украинада жарым сааттан соң коменданттык саат аяктайт. Андан соң биздин жарандарды эвакуациялоо иштерине киришебиз. Жыйынтыктары тууралуу маалымат беребиз",- деп жазып калтырган элчи.

ТИМдин маалыматы боюнча, Украинада 1000ден ашуун Кыргыз жараны бар. Алардын ичинен Украинадан чыгып кетүүнү каалаган 300 жаран билдирүү калтырган.

Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов жарандарды эвакуациялоо иштери боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана аракеттер тууралуу маалымат берген.

24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген. Кагылыш 4 күндөн бери уланууда.

Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы элчилигинде ыкчам байланыш номерлери иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан