Кайра шайлоо. БШКнын чечимдерине үч күндүк мөөнөттө сотко даттанылат

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерине үч күндүк мөөнөттө сотко даттанылат. Бул тууралуу аталган комиссиянын сайтына жарыяланды.

Добуш берүү күнүнөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен 12-мартка чейин округдагы шайлоонун натыйжаларын аныктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерине үч күндүк мөөнөттө сотко даттанылат.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу чечимдерди кабыл алууда бардык деңгээлдеги шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө орун алган бузуулар тууралуу арыздарды (даттанууларды) милдеттүү түрдө карайт, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат.

Комиссиялар, ошондой эле шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө түшкөн, укук коргоо органдарынын жана прокуратура органдарынын компетенциясында турган, мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүлөрдү, арыздарды териштирүү боюнча укук коргоо органдарынын материалдарын карайт. Кароонун жыйынтыктары боюнча шайлоо мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тууралуу чечим кабыл алынат.

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине талапкерлер, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана байкоочулар арыздар (даттануулар) менен кайрыла алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан