Жалал-Абадда 26 жаштагы Дастан Кубатбеков дайынсыз болуп изделүүдө. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, ал 24-февралда саат 11:00дө үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келген эмес.
Маалыматка ылайык, Дастан Кубатбеков Сузак районунун Ынтымак айылынын тургуну.
"Учурда анын жүргөн жерин аныктоого мүмкүн болбой жаткандыктан туугандары жана милиция кызматкерлери коомчулуктан жардам сурайт. Изделип жаткан жаран 2-топтогу майып", - дешти мекемеден.
Белгилери: бою 170-175 сантиметр, ак жумал, кашы, көзү, чачы кара, оң көзү кылый, 2-топтогу майып.
Кийген кийимдери: башында кара түстөгү шапка, кара түстөгү күрмө, көк түстөгү жынсы шым, сары түстөгү бут кийим.
Дайынсыз болуп жаткан Дастан Кубатбеков тууралуу маалымат билгендер төмөнкү номерлер аркылуу кабар берсе болот.
Байланыш номерлери: 102, (03748) 5 02 09, 0778 15 15 91, 0777 80 65 68.