Украинанын президентинин аппаратынын кеңешчиси Михаил Подоляк украин жана орус делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы аяктаганын жарыялады. Бул тууралуу Беларустун БелТА басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты Украинанын аймагында ок атышууну токтотуу жана согуштук аракеттерди талкуулоо болгон.
"Тараптар бир катар приоритеттүү темаларды аныкташты, алар боюнча чечимдер белгиленди. Бул чечимдер логистикалык чечимдерди ишке ашыруу үчүн тараптар кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөрдү алууга өз борборлоруна жөнөп кетишти. Жакынкы убакта сүйлөшүүнүн экинчи этабы болот", - деген Подоляк.