Сокулукта айыл тургунун өз төшөгүндө бычактаган адамга сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.
Айылдашынын уйкусун бычак менен бузган
Окуя былтыр, 2021-жылы 27-декабрда таңкы саат 4:00дө Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу айылдардын биринде болгон. Анда Чүйдө төрөлүп, кийин Орус жарандыгын алган С.П.А. аттуу адам 31 жаштагы Т.Н.Т. аттуу айылдашынын үйүнө кирип, уктап жатканда бычак менен кол салган. Т.Н.Т. ойгонуп каршылык көрсөтө баштаганда кылмышкер бөлмөдөн качып чыккан. Жабырлануучу анын арытнан кууп жетип, экөө алыша кеткен учурда атасы дагы ойгонуп чыгып экөөлөп кылмышкерди кармап алышкан.
Жабырлануучу кол салган адам менен мурда тааныш болгон эмес
Жабырлануучу Т.Н.Т. ойгонуп кетип, бөлмөдөгү телевизордон адамдын сөлөкөтүн көргөнүн айткан. “Эмне болду” деп башын көтөргөндө, анын оозун бир колу менен баскан адам экинчи колундагы бычак менен туш келди сайгылай баштаган. Кармашуу учурунда ал бычактан жаракат алганын сезген эмес. Кол салган адам үйдөн сыртка качып чыгып, жабырлануучу аны көчөдөн кууп жетип алыша кетишкен. Ошол учурда башка бөлмөдө уктап жаткан атасы дагы ойгонуп, экөөлөп кол салган адамдын бычагын тартып алышып, таңып коюшкан.
Туш келди сайылган бычактан Т.Н.Т. оор жаракат алган. Оң капталына сайылган бычак кабыргадан өтүп бооруна тийген. Эки ийининин көп жерине бычак сайылып, ээги жана алдынкы эриндерин бычак жырып кеткен.
Ал ооруканага оор абалда түшүп, жандандыруу бөлүмүндө эки күн жаткан.
Кол салган адамдын туугандары анын акыл-эси жайында эместигин айтышкан
Сурак учурунда кармалган С.П.А. күнөөсүн моюнуна алып, эч нерсе эсинде жок экенин, жабырлануучуну тааныбай тургандыгын айткан.
Айыпталуучунун эжеси сурак учурунда иниси Орусиядан таяк жеп, башынан оор жаракат алып, ошондон кийин оорулуу болуп калганын айткан. Иниси апасынын үйүнө келип, ошол жерде жүргөнүн, бул окуяга кантип аралашып калганын билбестигин билдирген.
Мамлекеттик айыптоочу соттон кармалган адамды бошотууну суранган
Ал эми мамлекеттик айыптоочу кармалган адамды жоопкерчиликтен бошотууну суранып, муну шектүү медициналык жардамга муктаждыгы менен түшүндүргөн.
Тийиштүү экспертиза кол салган адам спирт ичимдиктерин ичпегендигин жана баңги заттарды колдонбогонун аныктаган.
Сот айыпталуучуну жазадан бошотуп, мажбурлап дарылоону өкүм кылды
Отурумда сот тийиштүү материалдар менен таанышып чыгып, шектүүнү “адам өмүрүнө кол салуу” беренеси менен күнөөлүү деп тапкан.
Бирок анын акыл-эси жайында эмес жана коомго коркунучтуу деп Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканага мажбурлоо менен дарылоо тууралуу өкүм чыгарган.