Бишкек шаарында бейтааныш адам тарабынан бычакталган тургундун иши боюнча сот өкүмү чыкты. Ал Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.
Мастардын кайым айтышуусу бычакташууга жеткен
Окуя 2021-жылы 19-февралда саат 22:30 чамасында Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында болгон. Анда спирт ичимдигин ичип отурган Т.у.Э. жана досу Т.у.У. ошол жерде мас абалда өтүп бара жаткан эки адам менен жаңжалдаша кетишкен. Алар дагы 3 адамды кошуп келишкенде, Т.у.Э. жана Т.у.У. качып жөнөшкөн. Т.у.Э. качып бара жатканда алардын бири кубалап жетип көкүрөгүнө бычак сайган.
Каршылашынын колунан бычагын жулуп алып ыргыткан Т.у.Э. көчөгө качып чыгып адамдардан жардам сураган. Алар “Тез жардам” чакырышып, ал ооруканага жеткирилген.
Айыпталуучу күнөөлүү эмес экенин айткан
Айыпталуучу 1987-жылы төрөлгөн орус улутундагы П.А.Ю. аттуу адам Т.у.Э. аттуу жабырлануучунун көкүрөгүнө бычак сайган. Бирок жабырлануучу анын колунан бычагын жулуп алып, ыргытып жиберген жана жолдон өтүп бара жаткан кыз-жигиттен жардам сураган. Алар “Тез жардам” чакырышып жабырлануучу ооруканага жеткирилген.
Айыпталуучу П.А.Ю. күнөөлүү эмес экенин айткан. Ал үйүндө вино ичип отуруп дүкөнгө чыкканын, кайтып келе жатып көп кабаттуу үйдүн алдында эки адам мушташып жатканын көрүп, ажыратканын, алардын бири колундагы бычагын шилтеп, чекесин кесип кеткенин айткан.
Жабырлануучуну көчөдөн өтүп бара жаткан кыз-жигит аман алып калган
Жабырлануучу Т.у.Э. көрсөтмөсүндө Т.у.У аттуу досу жашаган Малдыбаев көчөсүндөгү жатакананын алдында досу экөө арак ичишкенин айткан. Аракты ичип бүтүп калганда кебетеси европалык болгон 2 адам келип, (алардын бири айыпталуучу П.А.Ю. болгон) “бул жерден кеткиле” деп досу экөөнү сөгүп баштаган. Ортодо кайым айтышуу болуп, аларды сөккөн эки адам жатаканага кирип кеткен. Ал эми жабырлануучуну досу узатып коймок болуп чогуу жөнөшкөн. Бир аздан кийин эле орусча “эй, токто” деген кыйкырыкты угуп, аларды көздөй кебетеси европалык болгон 5 адам чуркап келе жатканын көргөн. Досу экөө эки тарапка качып жөнөгөн. Ал Ахунбаев көчөсүнө жакындап калганда көп кабаттуу үйлөрдү аралап качкан. Ошол учурда айыпталуучу П.А.Ю. кубалап жетип колунан тартып, көкүрөк тушуна бычак сайган. Экөө алыша кеткенде жабырлануучу каршылашынын колунан бычакты жулуп алып ыргытып жиберип, көчөгө качып чыгып өтүп бара жаткан кыз-жигиттен “Тез жардам" чакырууну өтүнгөн. “Тез жардам” менен кошо милиция кызматкерлери да келишкен. Ал “Тез жардамдын” унаасына отуруп эсин жоготкон.
Жабырлануучунун досу Т.у.У. тергөөдө аны куугандардан качып кутулуп кеткенин, Т.у.Э. кандай жаракат алганын көрбөгөндүгүн билдирген.
Айыпталуучунун аялынын көрсөтмөсү
Айыпталуучунун аялы Ш.Л.В. күйөөсү ошол күнү дүкөнгө кетип бир канча убакыт жок болгонун, кийин келип сыртта эки адам менен жаңжалдаша кеткенин айтып, досун издегенин айткан. Бирок кайра чыгып кетип, бир канча убакыттан кийин чекеси канжалап кайра келген. Канаган жерине гезиттин үзүгүн чаптап алып кайра чыгып кеткен.
Көп узабай күйөөсүн издеп милиция кызматкерлери келишкенин билдирген.
Сот айыпталуучуну 12 жылга кести
Отурумда сот тийиштүү далилдер менен таанышып, тараптарды угуп, айыпталуучуну күнөөлүү деп таап 12 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми анын көрсөтмөсүн кылмыштан качуу аракети деп баалаган.