Белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова көзү тирүү болгондо 50 жашка чыкмак

Телевидениенин отличниги, белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова көзү тирүү болгондо бүгүн, 1-мартта 50 жашка чыкмак. Ал 46 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумуп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Салтанат Саматова 1972-жылы 1-мартта Бишкек шаарында төрөлгөн. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктап, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыкалык факультетин бүтүргөн.


Алгач радиодо иштеп, ди-джей катары таанылып баштаган. Андан кийин телеалпаруучулук кызматты аркалаган. Кийинчерээк ар кандай коомдук иш-чараларды жана “Акыл Ордо” теледолбоорун алып барып, 20 жылдан ашуун убакыт медиа тармагында иштеген.

Салтанат Саматова 2011-жылы рак илдетине кабылган. 2018-жылы 15-августка караган түнү оорудан улам каза болуп, артында жолдошу жана бир уул, бир кызы калган.

Көзү өткөндөн кийин Салтанат Саматова атындагы "Колумду карма" сыйлыгы "Оңой жардам берүү" коомдук фонду тарабынан негизделген. Сыйлык эмгеги, чыгармачылыгы жана кайрымдуулуктун өнүгүшүнө кошкон салымы менен кыргыз элинин жүрөгүнө из калтырган Салтанат Саматованын эмгегин эскерүүгө багытталат. Ошондой эле залалдуу шишик дартына каршы күрөшүүгө, маданиятты жана кайрымдуулукту өнүктүрүүгө салым кошкондорго арналат.

1-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан