"Альянс" парламенттик фракциясынын лидери болуп Жанар Акаев шайланды. Бул тууралуу социалдык тармактарда жарыяланды.
Буга чейин аталган фракциянын лидери Алтынбек Сулайманов болгон. Ал президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына дайындалган.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги сунушталды.