Күйөө баласын Бажыга башчы кылам деп 50 миң долларга алдаган мурдагы депутатка сот өкүмү чыкты

Бажы кызматына жетекчи кылам деп күйөө баласын 50 миң долларга алдаган мурдагы депутатка сот өкүмү чыкты. Ал Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.

Мурдагы Жогорку Кеңештин депутаты күйөө баласын Бажы кызматына башчы кылууну убадалап акча алган

Окуя 2019-жылы март айында Бишкекте болгон. Анда 2013-жылдан 2015-жылга чейин Жогорку Кеңештин депутаты болгон М.М.К. аттуу адам Г.К. аттуу таанышы экөө акча табуу максатында кылмыштуу схема даярдашкан. М.М.К. өзүнүн Д.Б. аттуу күйөө баласы Бажы кызматына ишке орношкусу келип жүргөнүн мурдатан билген. Аны Бажы кызматына башчы кылууну убадалап, ал үчүн 50 миң доллар керектигин, Г.К. аттуу таанышы жогорку кызматтагы байланыштары аркылуу чечип берерин айткан.

Күйөө баласы Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен алгач 20 миң доллар, көп узабай ошол эле даректен 30 миң доллар берген.

Бирок М.М.К. убадасына турбай, Бажыга башчы болгусу келген күйөө баласы 3 миллион 486 миң 795 миң сом чыгымга учураган.

Кызматсыз да акчасыз да калган жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылган

Бул иш боюнча 2021-жылы 16-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту өкүм чыгарып, мурдагы депутатты 5 жылга эркинен ажыратып, 70 миң сом айып салган.

Ошондой эле өкүм күчүнө киргенден тарта айыпталуучуга таандык болгон Алай районунун Сопу-Коргон айылындагы үйү камактан бошотулган.

Бул убакка чейин күйөө баласынын пайдасына 2 миллион сомдон ашуун каражат өндүрүлгөн.

Сот өкүмүнө нааразы болгон айыпталуучу шаардык сотко арызданган

Бул чечимге макул болбогон айыпталуучунун жактоочусу апелляциялык даттануу келтирген. Анда сот айыпталуучу М.М.К. мурда соттолбогондугун, улгайгандыгын, көптөн бери ооруп жүргөндүгүн жана жабырлануучуга материалдык зыянды жарым-жартылай кайтарып бергендигин эске албагандыгын белгилеген. Жогорудагы айтылгандарды эске алып, айыпталуучуга карата пробациялык көзөмөл колдонуунун суранган.

Ал даттанууда айыпталуучу акчаны толук Г.К. аттуу таанышына алып барып бергенин, ал аны моюнуна алганын, аны таап келип берсе тергөөчү качырып жибергени жазылган. Ошондой эле Г.К. аттуу таанышына ал дагы алданып калганын кошумчалап, ишти кайра кароого жиберүүнү суранган.

Бишкек шаардык соту дагы мурдагы депутатты күнөөлүү деп тапкан

Бишкек шаардык соту 15-февралда бул ишти карап өкүм чыгарган.

Анда айыпталуучунун тил катын, иликтөөдөгү документтерди жана ал айткан Г.К. аттуу таанышынын, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн эске алып, жаза мөөнөтүн өзгөрткөн эмес.

Анын жүйөлөрүн жазадан качуу катары баалаган. Бирок өкүмгө айрым өзгөртүүлөрдү киргизген. 70 миң сом айыпты алып, Алай районунун Сопу-Коргон айылындагы үйүн кайра камакка алуу чечимин чыгарган.

Бул сот ишинде айтылган инициалдар М.М.К - V чакырылыштын депутаттарынын ичинен бир гана адамга Майрамкан Мамытовна Кадырбековага туура келет. Ал 2013-жылдан 2015-жылга чейин Жогорку Кеңеште “Ата-Журт” фракциясынан депутат болгон.

Азыркы президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана азыр парламентте төрага болуп турган Талант Мамытов 2013-жылы мандаттарын тапшырганда партиялык тизме менен алардын ордуна келген 3 депутаттын бири.

Майрамкан Кадырбекова Ош облусунун Алай районуна караштуу Сопу-Коргон айылында 1963-жылы жарык дүйнөгө келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан