Украинадагы кырдаал: Орусияда унаа кескин түрдө кымбаттады

Орусияда жаңы унаалардын баасы кескин көтөрүлдү. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, унаалардын баасынын көтөрүлүшү
рублдун арзандашы жана Украинадагы кырдаалдан улам Орусияга каршы киргизилген санкциялар себеп болууда.

Өз кезегинде "Автостат" аналитикалык агенттигинин жетекчиси Сергей Целиков жаңы унаа сатып алам дегендер автосалонго барууну кийинкиге калтырбашы керектигин баса белгилеген.

"Албетте, эгер жаңы унаа сатып алууну пландап жаткандар болсо, тез арада сатып алуу керек. Эми албетте, унаа арзандабайт", - деген Целиков.

Мындан тышкары, Орусиянын BAZA басылмасы автосалондордо унаалардын баасы кескин кымбаттаганын жазды.

"Укмуштуудай жаңы баалар. Москванын автосалондору автоунаалардын жаңы баасын көрсөтүү менен элди таң калтыра баштады", - деп жазылат аталган басылманын маалыматында.

Москвадагы автосалондордо унаалардын баасы учурда төмөндөгүдөй:

Хюндай Солярис - 2 миллион 750 миң рубль;

Хюндай Элантра - 4 миллион 434 миң рубль;

Хюндай Крета - 4 миллион 145 миң рубль.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан