Москва Киевге ультиматум жарыяласа, Украина Орусия менен сүйлөшүүдөн баш тартышы мүмкүн. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Биз чечим издейбиз, бирок ультиматумдарды аткарбайбыз", - деп жазды Кулеба.
Ал Киев 28-февралда Беларустун Гомель облусунда өткөн сүйлөшүүлөрдүн биринчи раундунун жыйынтыгын талдап жатканын жана жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу Украинанын президенти Володимир Зеленьский жакшы кабардар болгонун белгиледи.
"Биз позициябызды аныктайбыз жана керек болсо жаңы жолугушууга даярданабыз. Биз мындай жолугушуу болушу керек деп эсептейбиз, анткени Украина дипломатияга ишенет жана биз бул жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүүгө даярбыз", - деп кошумчалады Кулеба.
Кечээ, 28-февралда Беларуста Орусия менен Украинанын делегациялары жолугушкан.