Ысык-Көл. №23-СИЗОдогу тамактануудан баш тарткан абактагылардын жакындары өкмөттүн өкүлүнө кайрылышты

Абактагылардын жакындары алып келген тамак-аштарын СИЗОнун кызматкерлери алуудан баш тартышкандыктарын жана аларга жакындары тууралуу эч маалымат берилбей жаткандыктарын ыйгарымдуу өкүлгө билдиришип, 7-декабрь күнү облустук администрациянын жыйындар залына чогулушту. Буга байланыштуу облустук күч органдардын жетекчилери менен ыйгарымдуу өкүл М.Асанакунов алар менен жолугушуу өткөрдү. Камактагылардын жакындарынын негизги талабы укук коргоочу К.Рузиевди комиссиянын катарына кошуу маселеси болду. Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 4-декабрында Каракол шаарындагы №23-СИЗОдо камактагы 79 адам тамак ичүүдөн баш тарткан. Комиссиянын төрагасы К.Сооронбаевдин айтуусунда, бардык камераларда абактагылар өздөрү камдап алган тамак-аштары жана бир каптан нандары болгондугу аныкталып, муну видеокамерага түшүрүп алышкан. Түрмөнүн жетекчиси Т.Асанбаевдин айтымында, бүгүнкү күндө дагы эртең мененки, түшкү, кечки тамактар жасалып жатат. Бирок ал тамактан абактагылар баш тартышкандыктан, тамактарды төгүүгө аргасыз болушууда. Белгилей кетсек, ачкачылык жарыялагандардын коюп жаткан талабы ал жерде отургандардын баарына тиешелүү эмес. Бул жерде камераларды ачып коюу менен эркин бийлик жүргүзгүсү келген “положенецтердин” кызыкчылыгы бар экендигин белгилейт. Ошондой болсо да ыйгарымдуу өкүл абактагылардын жакындарынын талабын орундатып, Рузиевди комиссиянын курамына кошууну сунуштаганын билдирди ыйгарымдуу өкүлдүн басма сөз катчысы Алтынбек Давлетов.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан