"Ош электр" ачык акционердик коомунун мурдагы жетекчиси Дыйканбай Даминов камалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, "Ош электрдин" мурдагы жетекчиси Дыйканбай Даминов мекемени башкарып турган учурда, электрге болгон карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарып, мамлекетке 134 миллион 404 миң 877 сом зыян келтирген деп айыпталууда.
Бул факты боюнча “коррупция” беренеси менен иш козголуп, Даминов тергөө абагына киргизилген.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.