Жанар Акаев: "Технологиясы өнүккөн өлкөлөрдөн бүт дүйнө колдонуп жаткан автобустарды алууга басым жасоо керек"

Депутат Жанар Акаев технологиясы өнүккөн өлкөлөрдөн бүт дүйнө колдонуп жаткан автобустарды алууга басым жасоо керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Кошуна өлкөлөрдөн бир, эки жылдык кичинекей, сапаты начар автобустарды алып жатабыз. Бир, эки жылдан кийин автопаркты толтуруп, таштанды болуп жатат. Ушунча насыя алып жаткандан кийин Корея, Япония, Германия сыяктуу өлкөлөрдөн кийин сапаттуу автобустарды алууга басым жасоо керек. Технологиясы өнүкккөн өлкөлөрдөн бүт дүйнө колдонуп жаткан автобустарды алуу зарыл", - дейт Жанар Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан