Apple жана Nike Орусияда товарларын онлайн сатууну токтотту. Бул тууралуу Орусиянын KOMMERSANT.RU басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, АКШнын спорттук кийимдер бренди Nike Орусиядагы расмий сайтында жана атайын тиркемеде товарларын сатууну токтотту.
Ушундай эле жагдай Apple компаниясы тарабынан орун алган.
Орусиялыктар аталган компаниялардын товарларын эми оффлайн дүкөндөрдөн гана сатып ала алат.
Apple жана Nike компанияларынын сайтында Орусиядагы азыркы шартта товарларды жеткирүүгө кепилдик жоктугун, буга байланыштуу Орусияда онлайн товар сатуу токтотулганы жазылган.