ЭЛДИК КАБАР: "Сузакта жаңы асфальтталган жол 4 айга жетпей талкаланып жатат" дейт тургун

Порталыбыздын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу Жоон-Күнгөй айылынын тургуну кайрылды.

Окурман Жоон-Күнгөй айылында жаңы асфальтталган жол 4 айга жетпей талкаланып жатканын айтып, сүрөттөрүн жөнөттү.

"Сузактын Жоон-Күнгөй айылында салынган жол 4 айга жетпей талкаланып жатат. Бул жолдун сапатына ким жооп берет?", - деди тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан