Бүгүн, 2-мартта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгына талапкерди карады.
"Альянс" парламенттик фракциясы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгына депутат Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин көрсөттү. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Медербек Алиев жана бир катар депутаттар Чыңгыз Айдарбековдун кесипкөйлүгүн баса белгилешти.
Талкуунун жыйынтыгында комитет Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын кызмат ордуна Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды.