Былтыр май айында Бишкектин Жибек Жолу жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үйдөн апасы менен кызынын жансыз денеси табылган. Эне менен кызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип Ысык-Көл облусунун 2005-жылы туулган тургуну кармалган.
Бүгүн, 2-мартта Свердлов райондук соту тарабынан айыпталуучуга өкүм чыкты. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын жактоочусу Шердор Абдыкапаров тарабынан белгилүү болду.
"Айыпталуучуга сот бүгүн өкүм чыгарып, 10 жылга эркинен ажыратты. Азырынча жабырлануучу нес абалда болуп, соттун чечимине макул же каршы экенин айта элек", - деди жактоочу.
Окуянын чоо-жайы:
2021-жылы 12-май күнү саат 11:25 чамасында Бишкектин Жибек Жолу жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үйдөн апасы менен кызынын жансыз денеси табылган. Көп узабай бул ишке шектүү катары Ысык-Көл облусунун 2005-жылы туулган тургуну кармалган. Милиция ал мурда соттолгонун билдирген. Ал эми Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбору өспүрүм кыйноо жолу аркылуу кылмышты моюнга алдырганын жазып чыккан.
SUPER.KG порталы бул окуянын чоо-жайын билүү үчүн эки тараптын тең пикирлерин уккан.