Белгилүү кыргыз бийчиси Атай Өмүрзаков менен Дания өлкөсү кызматташуудан баш тартты. Бул тууралууу бийчи социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бүгүн телефон чалып, биз менен келишим бузулганын айтышты. Пандемиядан улам эки жыл иштеген эмеспиз, эми бир нече жылга тыюу салышты. Жумуш издейин деп жатам, мага жана окуучуларыма артисттик кесип бүттү. "Сиздердин өлкө агрессорду колдоду. Биз сиздер менен кызматташа албайбыз" деп түшүндүрүштү бизге. Бул статус үчүн рахмат", - деп жазды Өмүрзаков.
Буга чейин Украинанын президенти Кыргыз өлкөсүндөгү элчисин чакыртып алган.