3-мартта Кыргыз мамлекетинин негизги символдорунун бири - туубузга 30 жыл толот. Бул мааракени утурлай министрлер кабинетинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн, Ош шаардык мэриясынын буйругуна ылайык олуттуу иш-чаралардын пландары түзүлүп аткарылууда. Ошолордун алкагында Ош мамлекеттик юридикалык институтунда да алгылыктуу иш-чаралар болуп жатат.
Жогорудагыларды эске алуу менен биз кыргыз тууларынын тарыхына саресеп салып, окурмандарга, айрыкча жаш муунга төмөнкү макаланы тартуулап жатабыз.
Кыргыздар Борбордук Азия чөлкөмүндөгү эле эмес, дүйнөдөгү эң байыркы элдерден экендигибиз талашсыз чындык. Дагы бир артыкчылыгыбыз алакандай жерге баткан кыргыз эли, байыртадан бүгүнкү күнгө чейин өз элдик касиеттери менен катар эле өз мамлекетин, элин-жерин, улуттук өзгөчөлүктөрүн, тилин, маданиятын, каада-салтын, үрп-адатын сактоо менен өз тууларын да сактап калган эл. Анткени кыргыз эли тээ алмустактан бери эле өз туусуна ээ болуп, тууга өзгөчө маани берип, маанилүү символ катары көздүн карегиндей сактап келген.
Туу башка элдердей, мамлекеттердей эле кыргыздарда да маанилүү мамлекеттик символ катары бардык мезгилдерде өзгөчө кастарланып, көзөмөлдө болуп келген. Даңазалуу кыргыз эли тууну мамлекеттик өзгөчө белги катары баалап, мамлекеттин негизги белгилеринин катарында сактап келген. Алардын катарында кыргыз урууларынын, уруктарынын коопсуз карым-катнаштарын камсыз кылуучу бирдиктүү аймак, бардыгына таандык бирдиктүү экономикалык уклад, бирдиктүү тил (же тилдер), бирдиктүү маданият, салт-санаа, үрп-адат, жалпыга таандык бирдиктүү администрациялык-аймактык башкаруу ыкмасы, мамлекеттик символдор: туу, тамга (герб), мамлекет башчысынын ордосу ж.б. нерселерди атоого болот. Демек, жогорудагылардын негизинде кыргыздар, өз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү доорлорунун бардык мезгилдеринде, доорлорунда тууну негизги символ катары аздектеп, өзгөчө сактап келгенин баамдоого болот. Бул тарыхый чындыкты эске алуу керек.
Чынында эле байыркы биздин бабаларыбыз, акылдуу мамлекет башчылары кыргыз элинин туусун өзгөчө кастарлап, маани берип сактап келишкен. Туулар ата-бабалардан кийинки муундарга мурас катары өткөрүлүп, ага болгон ишеним башкача болгон. Мамлекеттин, анын башчысынын өзгөчө белгиси катары каралган туулар мыктылардын мыктысы, баатыр жигиттер тарабынан өзгөчө кайтарууда болгон. Тынчтык кезде да, согуш кезинде да туу өзгөчө көзөмөлдө болуп, аздектелип сакталган. Согуш мезгилинде жоокерлердин катуу сыноолордон өткөн, эр жүрөк, тайманбастарына, керек болсо туу, өз эли, жери, мамлекети үчүн жанын кыюуга даяр, эч нерсеге карабай тууну көздүн карегиндей сактоого жөндөмдүү жигиттерге гана ишеним көрсөтүлүп, туу башы же тууну алып жүрүүчү катары дайындалган. Анткени башка чыгыш элдериндей эле туунун жыгылганы, душмандын колуна түшкөнү, ал тараптын жеңилгенине тете болгон. Ошондуктан тууга болгон мамиленин өзгөчөлүгү да ушунда. “Манаста” тегин жерден “Туу түбүндө турушуп, Туубуз качпай турат деп, Кубат кылып урушуп...” деп айтылбаса керек.
Кыргыздардын туулары жөнүндө маалыматтар «Манас» эпосунда да, байыркы кытай жазма булактарында, орто кылымдардагы араб жазма булактарында да кездешет. Мамлекеттин, анын башчысы ажонун туусу, ар бир ири кол башчылардын тууларына кыргыздарда өзгөчө маани-маңызга ээ болгон сыймыктуу символ болгон. кыргыздарда байыртадан эле тууну бекем тутуп, көздүн карегиндей сактап келгени маалым. Баса, мамлекеттин да, анын башкаруучусунун да символу болгон туу ар түрдүү аталышта да колдонулуп келгени маалым. Кыргыз элинде бул көрүнүш бир катар синонимдерде - байрак, асаба, желек, туу деп аталып келген. Бул орус тилинде деле флаг деген түшүнүк башка – стяг, полотнище, знамя сыяктуу түшүнүктөрдө колдонулуп келгендей эле көрүнүш. Кыргыздар тээ атам замандан бери эле тууга өзгөчө маани берип, керек болсо сыйынып, астейдил мамиле кылып келишкен. Байыртадан кыргыз элинин башкаруучусунун туусу, өзгөчө чоң, зор абройго ээ болгон. Эл башыларынын, мамлекет башчысынын туусунан айырмаланган туусу болгонун баса белгилөө абзел. Кадимки «Манас» эпосунда: Желке ылдый жол менен, Жети миң кол менен; Ак асаба, кызыл туу, Айгайлаган ызы-чуу; Көк асаба, кызыл туу, Көк жанырган ызы-чуу. Алты жүз миң аскерибиз, Алты тууга бөлүндү. Туу жыгылды, хан өлдү, Тутушкандын баарысы, Туш-тушка качып жөнөдү. [2]
Ошол эле «Манаста» ар бир элдин, этностун, ири уруунун, жоокерчиликте ири аскердик кошуундардын өз туулары болгондугу айтылат. Мисалы, хан Жакыптын кызыл туусу, Жамгырчынын аскерлеринин ак асаба, кызыл туусу, Эр Төштүктүн желеги, алтын туу менен, Жер жарылган чуу менен. Ак асаба, туу менен, Айгайлаган чуу менен, Көк асаба, туу менен, Көк жанырган чуу менен. Музбурчактын ак асаба, туусу тууралуу айтылат. Аталган эпосто кыргыздардын туусу, желеги, байрагы тууралуу төмөнкү саптар кездешет: «Желеги туудан бөлүнбөй, Жердин жүзү көрүнбөй, Тозоңу тоодой созулуп, Туу байрагы кошулуп. Желек туудан бөлүнбөй, Жердин жүзү көрүнбөй, Асаба туудан бөлүнбөй, Асман чуудан көрүнбөй».[3] «Манас» эпосунда кыргыздардын тууларынын төрт түсү айтылат: көк түс – көк асман, көк теңирдин түсү; ак – ыйык түс, сакралдык мааниге ээ түс; жашыл – жашоонун белгиси, түсү; кара – азанын белгиси. Мындай туулар аза күтүү учурунда пайдаланылганы кабарланат.
Кыргыз элинин, алардын мамлекет башчысынын тээ байыртадан эле өз туусу болгондугу тууралуу маалыматтар байыркы кытай жазма булакта-рында да маалымдалат. Бүт дүйнөгө белгилүү синолог, окумуштуу Н.Я. Би-чуриндин (Иакинф) эмгектеринен биз төмөнкү маалыматтарды окуйбуз: «Хакяньсы-Хагас (кыргыздар). Хагас бул байыркы Гяньгундар мамлекети. …Мамлекет башчысы Ажо деп аталат, башкалар да аны Ажо деп аташат. Анын эшигиде туу орнотулган» [4]. Андан кем эмес мааниге ээ байыркы кытай маалыматтары экинчи бир окумуштуу И.В.Кюннердин эмгектеринде кездешет: «…(алардын) (кыргыздардын – авт.) байрактары жана туулары бар. Алардын Ажосу дагы бир штандартын орнотту, анын төмөн жагы толук кызыл…».[5] Дагы бир маанилүү маалымат 20 жылдык кыргыз-уйгур согушунун мезгилине таандык болуп эсептелет. Бул жерде, жеңишке жетээрине көзү жетип, эрдиккен кыргыз каганы уйгур каганына кайрылып: «Сенин тагдырың чечилди. Жакында мен сенин ордо-ңу ээлеп, тагыңа отурам. Ордоңун алдына атымды байлап, өз туумду орнотом…».[6] Жогоруда аталган маалыматтарда туулардын түсү айтыл-байт. Бирок эки нерсени байкоого болот. Биринчиден кыргыздардын жалпы туусу, мамлекеттик туусу тууралуу баяндалса, экинчиден мамлекет башчысы Ажонун жеке штандарты тууралуу айтылып жатат. Байыртадан мамлекет башчынын штандарты катары башкаруучу династиянын туусу колдонулуп келгени да маалым.
Кыргыздардын тарыхында, тууларында араб доору да өз изин калтырган. Анткенибиз белгилүү окумуштуу, профессор Ө.Караевдин билдирүүсүндө таанымал араб окумуштуусу Абу Дулафтын чыгармасында: «Хирхиздер (кыргыздар – авт.) – түрк уруулары… Алардын мамлекет башчысы бар, баары ага баш ийишет… Алардын туусу жашыл түстө, аны майрам күндөрү илишет» - деген маалыматтарды окуйбуз.[7]
Бул маалымат араб доору кыргыздардын туусунда да из калтырганы тууралуу кабар берет. Дал ушул эле араб авторунун маалыматын дүйнөгө атагы чыккан, танымал чыгыш таануучу В.В.Бартольд да өз эмгектеринде пайдаланган. Демек, жогорудагыларды эске алсак кыргыз тарыхынын ислам доорунун кээ бир мезгилинде кыргыздардын туусу жашыл түстө болгонун кабарлайт. Бирок, эске алчу жагдай бул араб маалыматы, кыргыздардын туусу жашыл болгондугу тууралуу жалгыз гана маалымат экендигинде. Башка араб-перс булактарынан мындай маалыматтарды таба албайсыздар. Туу бүгүнкү түшүнүктөгү мамлекеттик символ катары бизде ХХ кылымдын башында, Кеңеш өкмөтүнүн алгачкы жылдары пайда болгон саясий маданият. Алгач кыргыздардын өзүнүн туусу болгон эмес. Кыргыз эли биринчи кезекте Туркестан АССРинин, кийин РСФСРдин туусу алдында жүргөн. Кийин, ХХ кылымдын 20-жылдарынын акырында гана биз өз туубузга ээ болдук. Биз бир катар тарыхый маалыматтардан Түрк. АССРинин туусунун сүрөтү таап чыктык. Дал ушул туунун алдында кыргыз эли өз улуттук мамлекеттүүлүгүнө жеткенге чейин жүргөнү да тарыхый чындык экенин тана албайбыз.
1919-21-ж. кыргыз эли курамында болгон Туркестан АССРинин туусу
Туркестан АССРинин оңдолгон туусу, 1921-1924-жж.
Кыргыздар, Турк. АССРи курамына кирген РСФСРдин туусу, 1918-ж.
Кыргыз АО курамына кирген РСФСРдин туусу, 1920-1937-жж.
Биринчи жолу кыргыз элинин мамлекеттик туусу 1929-жылы кабыл алынган Кыргыз АССРинин Конституциясында – Баш мыйзамында бекитилген. Маалым болгондой 1927-ж. 7-мартта Кыргызстан Кеңештеринин I Уюштуруучу курултайы өтүп, анда Кыргыз Советтик Социалисттик Автономиялуу Республикасы түзүлгөндүгү тууралуу Декларация кабыл алынган. Бирок бул курултайда бир катар себептерден улам Конституция кабыл алынган эмес. Кийин гана, 1929-жылы 30-апрелде Кеңештердин II Бүткүл кыргыз курултайы Кыргыз АССРинин Конституциясын – Баш мыйзамын кабыл алган. Ошол биринчи Конституцияда XVI баптын, VII бөлүгүнүн 96-беренесинде мамлекеттик туунун сүрөттөмөсү жазылган. Анда «Кыргыз Советтик Социалисттик Автономиялуу Республикасынын туусу кызыл түстөгү чарчы байрактан туруп, анын сол жагындагы жогорку бурчуна орок балканын сүрөтү жайгашып, анын астында кыргыз, орус тилдеринде Кырг. А.С.С.Р. – Кирг. А.С.С.Р.» – деген жазуу жайгаштырылат деп айтылган.[8] Бул жерде эске алчу жагдай, туунун жогорку сол бурчундагы Кырг. АССР жазуусу латын алфавитинде жазылган. Анткени 1928-жылы кыргыз жазуусу араб графикасынан латын алфавитине өткөрүлгөн. Ал кезде кыргыз жазуусу кирилицага өтө элек кези болгон. Ошондуктан бир тууда Кырг. АССРи деген жазуу эки графикада же алфавитте жазылып калган.
Биз дал ошол биринчи Конституцияга ылайык биринчи мамлекеттик туубуздун сүрөтүн таап, сиздердин назарыңыздарга сунуш кылып жатабыз.
Кыргыз АССРинин биринчи мамлекеттик туусу, 1929-1937-жж.
Белгилей кетчү жагдай, биринчи туубуз да, андан кийинки тууларыбыз да көзгө жагымдуу, кооз, ынанымдуу түрдө адамды өзүнө тарткан туулар болгону талашсыз.
Кийинки биздин мамлекеттик туубуз Кыргыз АССРинин Кыргыз ССРи болуп кайрадан түзүлгөндүгүнө байланыштуу пайда болгон. 1937-жылы 23-мартта Кезексиз чакырылган Кыргыз ССРинин Кеңештеринин V курултайы Кыргыз ССРинин жаңы Конституциясын – Баш мыйзамын бекиткен. Ошол эле курултайда Конституцияга мамлекеттик «Герб, туу, борбор» тууралуу атайын бөлүк жана беренелер киргизилген. Жаңы шарттарга, саясий өзгөрүүлөргө ылайык Кыргыз ССРинин жаңы мамлекеттик туусу бекитилген. Ошол 1937-жылдагы жаңы Конституцияда Х баптын 116-беренесинде төмөнкүдөй маалыматтар камтыл ган: Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын мамлекеттик туусу кызыл туудан жасалып, анын сол жактагы жогорку бурчуна алтын тамгалар менен үстүндө кыргызча Кыргыз ССР, астында орусча Киргизская ССР деп жазылат. Туунун туурасы 1 метр, узуну 2 метр – деп белгиленген.[9]
Бул жерде да эске алчу жагдай 1937-40-жылдарга таандык мамлекеттик туудагы жазуу эки башка арипте - алфавитте жазылган. Анткени 1940-жылга чейин Кыргызстанда латин графикасы колдонулуп келсе, ошол жылдан баштап республиканын иш кагаздары орус алфавитине, кирилицага өткөн. Ошондуктан 1937-40-жылдары колдонулган мамлекеттик тууда эки башка алфавитте жазылган жазуу камтылган. Демек, 1937-жылы бекитилген мамлекеттик тууда кыргыз тилинде «QЬRGЬZ SSR» жана орус тилинде «КИРГИЗСКАЯ ССР» - деген чоң тамгалар менен жазуулар болгону анык.
1937-40-жж. Кыргыз ССРинин мамлекеттик туусу.
1940-жылы кыргыз жазуусу толугу менен орус алфавитинге өткөндүгүнө байланыштуу жазма маданиятыбызга толук өзгөрүү киргизилген. Ошол өзгөртүүлөрдүн натыйжасында Кыргыз ССРинин туусуна да өзгөрүүлөр киргизилген. Демек, жаңы жазма маданияттын киргизилгенине байланыштуу 1940-жылдан баштап биздин элинин мамлекеттик туусунда да өзгөрүү киргизилип, эми республиканын расмий аталышы туунун сол жак жогорку бурчуна кыргыз тилинде чоң тамгалар менен «КЫРГЫЗ ССР» жана орус тилинде «КИРГИЗСКАЯ ССР». Этим флагом гордились наши предки советского Кыргызстана.
Кыргыз ССРинин мамлекеттик туусу 1940-1952-жж.
Биздин, Кыргызстандын улуу муундагы мекендештерибизге, ата-бабаларыбыз- га көнүк, көздөрүнө жагымдуу болгон үч түстүү мамлекеттик туубуз 1952-жылдын 22-декабрында кайрадан бекитилген. Дал ошол көркөмдүү да, кооз да Кыргыз ССРинин мамлекеттик туусу көптөгөн улуу муундардын эсинде калган. Ошентип, 1952-жылдын 22-декабрында жарык көргөн Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Указына мамлекеттик тууга ылайык төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилген: Кыргыз ССРинин мамлекеттик туусуна өзгөртүүлөр киргизүү менен Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын мамлекеттик туусу кызыл тукабадан жасалып, так ортосунан өткөн, туунун үчтөн бир бөлүгүн камтыган көк түстөгү сызык камтылат. Көк түстөгү сызыктын дал ортосунан, туунун жыйырмадан бир бөлүгүн камтыган ак сызык өтөт. Туунун сол жактагы жогорку бөлүгүнө алтындан орок жана балка, анын үстүндө беш жылдыз түшүрүлөт. Туунун туурасы 1 метр, узуну 2 метр. [10]
Кыргыз ССРинин мамлекеттик туусу, 1952-1981-жж.
Чынында эле биздин ошол мамлекеттик туубуз, СССРдин союздук респуб-ликаларынын тууларынын ичиндеги абдан кооз туусу болгону кашкайган чындык. Бул жеке эле менин пикирим эмес, бул ойдо, пикирде бир катар улуу муундардын өкүлдөрү бар жана болгон десем жаңылышпаймын. Дал ошол туунун алдында кыргыз элинин бир катар муундары өсүп, ар түрдүү ийги-ликтерге жетишип, республикабыздын туусун желбиреткен. Жогору-дагы мамлекеттик туубуздун алдында Кыргыз ССРи зор ийгиликтерге жетишкени да маалым. Дал ошол туубузга республиканын өзгөчө жетишкендиктери үчүн эки Ленин ордени (1957, 1963-жж.), Элдердин достугу ордени (1972-ж.) жана Октябрь революциясы ордени (1974-ж.) тагылганы да сыймыктуу көрүнүш экени талашсыз.
Кыргыз ССРинин мамлекеттик туусундагы ордендер
Эң узак мөөнөткө чыдаган мамлекеттик туубузга чындап эле төрт жолу орден тагылып, республикабыздын сыймыгы болгону тарыхый чындык.
Мамлекеттик тууга кийинки кээ бир өзгөртүүлөр 1956-жылдын 14-январында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Указына ылайык киргизилген. Указга ылайык «Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын мамлекеттик туусу тууралуу жобо» кабыл алынган. Жободо Конституциядагы мамлекеттик символ - туу тууралуу беренеге толуктоо иретинде төмөнкүлөр айтылган: Туудагы балка менен орок белгиси ар тарабы туунун 6/1 бөлүгүн түзгөн атайын төрт бурчтукка алынат. Ороктун шиштүү учу төрт бурчтуктун жогорку дал ортосуна туш келет, ал эми ороктун кармагыч жагы төрт бурчтуктун төмөнкү кырына туш келет. Ороктун кармагыч бөлүгү төрт бурчтуктун диагоналынын 3/4 бөлүгүн түзөт. Беш жылдыздын учтары туунун туурасынын 1/10 диаметрдеги тегеректин ичине жай гаштырылат. Беш жылдыздын, орок менен балканын так ортосунун вертикалы туунун кармагычынан туунун узундугунун 1/3 бөлүгүндө жайгаштырылат. Туунун жогорку четинен беш жылдыздын ортосуна чейинки аралык туунун туурасынын 1/10 бөлүгүнө туура келет - деп айтылат.[11] Эскерте кетчү нерсе, биринчи жолу мамлекеттик туунун автору, дал ушул өзгөртүүлөрдү киргизген эскиздин автору катары Трусковский Лев Гавриловичтин аты аталат. [12] Бул мамлекеттик туунун автору катары биринчи жолу анын эскизинин автору жарыяланган алгачкы учур.
Кыргыз ССРнин туусунун эскизи, 1956-ж.
Жогоруда биз сөз кылып жаткан мамлекеттик туу тууралуу Жобого ылайык Кыргыз ССРинин мамлекеттик туусу СССРдин жана башка союздук республикалардын туусунан андагы беш жылдыздын башка тууларга салыштырганда бир аз чоңдугу (орок менен балканын сүрөтүнө караганда), орок менен балканын төмөнкү чеги кызыл менен көк сызыкка чейин жетип тургандыгы менен айырмаланат. Дагы бир айырмачылыгы башка баардык союздук республикалардын (Грузин жана Туркмөн ССРинин тууларынан башкалардын)тууларында беш жылдыз тартылган тегеректин диаметри, орок менен балка тартылган төрт бурчтуктан эки эсе аз орунду ээлегендигинде. Кыргыз ССРинин туусундагы беш жылдыздын тегерегинин диаметри (туунун туурасынын 1/10 бөлүгүн) орок менен балка тартылган төрт бурчтуктун жарымынан чоң болгон (туунун туурасынын 1/6 бөлүгү).
Кыргыз ССРинин мамлекеттик туусуна кезектеги ондоп, түзөтүүлөр 1981-жылдын 2-июнунда киргизилген. Дал ошол күнү кабыл алынган (№1475-Х) Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Указына ылайык «Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын мамлекеттик туусу тууралуу жобонун» жаңы редакциясы кабыл алынган. Анда малекеттик туунун негизи мурдагы боюнча калып, бирок кээ бир графикалык өзгөртүүлөр киргизилген. Мурдагыдан айырмаланып бул жолку өзгөртүүдө Кыргыз ССРинин мамлекеттик туусунан беш жылдыздын, орок менен балканын сүрөтү алынып салынган.[13]
Кыргыз ССРинин туусу, 1981-1992-жж.
Дал ушул мамлекеттик туу менен биз эгемендүүлүккө жана көз каранды эместикке жетиштик. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары да дал ушул туу менен башталганы тарыхый чындык.
Эгемендүү жана көз карандысыз Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу мындан чейрек кылым мурда 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. Ага байланыштуу жаңы Конституцияда да мамлекеттик символдор тууралуу атайын берене кабыл алынган. Алгач Коснтитуциялык берене тууралуу сөз кылалы. 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган жаңы, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын «Жалпы принциптерин» камтыган биринчи баптын 6-беренесинде «Кыргыз Республикасы мамлекеттик ыйык белгилери – Туусу, Герби, Гимни бар. Кыргыз Республикасынын борбору - Бишкек шаары» - деп жазылган.[14]
Ал эми азыркы кыргыз мамлекети, Кыргыз Республикасын бүт дүйнөгө тааныткан мамлекеттик туубуз 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынып, ал мамлекеттик ыйык белги катары «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамы» менен бекемделген жана корголгон. Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу палатасы тарабынан 2004-жылы 17-июлунда (№ 91) кабыл алынган. Дал ошол мыйзамга ылайык мамлекеттик ыйык белгилер, алардын аталышы, сүрөттөмөлөрү, расмий колдонулушу бекитилген. [15]
Ал мыйзамдын 3-беренесинде: «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган. Туунун эни анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри туунун энинин бештен үчүн түзөт. Күндүн жана нурлуу алкак диаметрлеринин катышы - бештен үчкө барабар. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымына барабар» - деп айтылган.[16]
1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу.
Маалым болгондой азыркы мамлекеттик туубуз 30 жыл мурда, тагыраак айтканда 1992-жылы 3-мартта республиканын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген. Дал ошол жаңы туубуз, байрагыбыз айтылган жылдын 5-март күнү азыркы Өкмөт үйүнүн - Ак үйдүн үстүнө желбиреп көтөрүлгөн. Бул тарыхый күн көпчүлүктүн эсинде калганы да тарыхый чындык. Анткени, азыркы туубуз мамлекеттик символдор тууралуу кароо-сынакка, конкурска сунушталган көптөгөн эскиздерден, үлгүлөрдөн атайын комиссиянын чечимине ылайык тандалып, Жогорку Кеңеште талкууланып, андан кийин гана кабыл алынган. Ошентип азыркы мамлекеттик туубуз Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков сыяктуу авторлор тобунун эмгегинин натыйжасы болду.
Учурдагы туубуздун негизги түсү кызыл. Кызыл түс айкөл Манастын туусунун түсүн элестетет. Туунун бир түстүү кызылдыгы эрдикти жана тайманбастыктын белгисин туюндурат. Туунун ортосунда күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү чагылдырылган. Түндүк ата үйүнүн, үй кутунун, кыргыз элинин жана өлкөдө жашап жаткан баардык элдердин биримдигинин, бакубатчылыктын, ааламдын же төгөрөктүн төрт бурчунун белгиси. Алтын түстөгү күндүн тегиз чачыраган кырк нуру бирдиктүү кыргыз элинин түптүү 40 уруусунун, 15 оң канат, 15 сол канат, 10 ичкилик урууларынын биримдигин, ынтымакчылыгын айгинелеген белги.
Ошентип, биз 2010-жылдан бери ар жылы мамлекеттик туу күнүн расмий белгилеп келебиз. Быйылкы жылы 30 жылдык мааракени белгилегени турабыз. Бул күндү эгемендүү жана көз карандысыз Кыргыз Республикасынын ыйык белгиси, мамлекеттик туу күнү катары татыктуу тособуз деген пикирдемин. Айрыкча баардык айыл, элет жериндеги, майда жана ири шаарлардагы, эки борборубуздагы мекеме ишканаларда, окуу жайларда, административдик борборлордо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу салтанаттуу көтөрүлүп, анын маани-маңызы, ар тараптуу тарыхы, баскан жолу тууралуу кенен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мамлекеттик тууну көздүн карегиндей бекем сактоо, өзгөчө кастарлап, этият мамиле кылуу тууралуу тарбиялык маанидеги насааттар кеңири айтылат деген ойдомун.
Анткеним бүгүнкү мамлекеттик туубуз менен улуттук мамлекетибиз, Ата Мекенибиз, Кыргыз Республикасы бүт дүйнөгө таанылып, баардык расмий саясий жолугушууларда, ар түрдүү саммиттерде, эл аралык уюмдарда, олим-пиадаларда, мекендештерибиздин ар түрдүү спорттук, маданий, илим-билим тармагындагы жетишкендиктеринде дал ушул туубуз желбиреп, ар кимибиз-дин патриоттук сезимибизди ойготуп, элибиз, жерибиз, мекендештерибиз үчүн сыймыгыбызды арттырып, өзгөчө аброй алып келип жатканы да талашсыз. Биздин мамлекеттин ыйык белгиси, туусу биздин сыймыгыбыз экени айгине көрүнүш.
Сөзүбүздүн акырында калыстык үчүн айтыла турган дагы бир сөз. Биздин учурдагы мамлекеттик туубуз оңой эле өз ордун таба койгон жок. Бүгүнкү күндө да бул туубуз анча жакпаган кээ бир мекендештерибиз жок эмес. Эгемендүүлүк жана көз каранды эместик жылдарында мамлекеттик символубуз – туубуз тууралуу талаш-тартыштар токтолбой эле келе жатканы да чындык. Биздин Жогорку Кеңештин өзүндө эле акыркы 25 жыл ичинде эки жолу мамлекеттик туубузду алмаштыруу, өзгөртүү боюнча маселе көтөрүлүп, бирок өз тыянагын берген жок. Коомчулук, көпчүлүк азыркы туубузду сактап калды. Ал эми тууну өзгөртүү боюнча демилгечилер ар түрдүү дооматтарды коюп келишүүдө. Алар туунун түсүнөн баштап, андагы чагылдырылган символдордун элесине чейин өзгөртүүнү сунушташып, көбү мамлекеттик туу боюнча өз варианттарын да сунуштап келишүүдө. Бирок күндөлүк турмуш, коомдук турмуш көрсөткөндөй алардын ойлору, пикирлери азыркы күнгө чейин сунуш катары эле калып жатат.
Желбирей бер эгемендүү, көз карандысыз Кыргыз мамлекетинин Туусу!!!