Орусия менен Украинанын кагылышуусу башталгандан бери Украина 2 миң 870 аскерин жоготсо, Орусия 498 аскеринен айрылды. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков билдиргенин Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
"Украинанын жоготууларынын саны 2870ден ашуун, дагы 3 миң 700гө жакыны жарадар болду. Ошондой эле, Украинанын укук коргоо органдарынын туткунга түшкөн аскер кызматчыларынын саны 572 адамды түзөт", - деген Конешнаков.
"Тилекке каршы, атайын аскердик операцияга катышып жаткан аскерлерибиздин арасында жоготуулар бар. 498 орусиялык аскер кызматкери кызматтык милдетин аткарып жатып каза болду. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө колдон келген жардамдар көрсөтүлүүдө. 1 миң 597 жоокерибиз жаракат алды", - деп кошумчалаган ал.
Мындан тышкары, Конешнаков Украинадагы жаңжалга аскерге милдеттүүлөр жана курсанттар катышпагандыгын айткан.