Орусияга каршы санкциялар киргизилгенине карабастан Кытай Орусиядан жаратылыш газын сатып алууну улантат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянуу менен жазышууда.
Ага ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы үзгүлтүксүз соода байланыштары уланат.
"Биз ар кандай бир тараптуу санкцияларга караманча каршыбыз. Кытай менен Орусия тең укуктуу, өз ара пайдалуу негизде үзгүлтүксүз соода байланыштарын уланта берет", - деп жазылган Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.
Ошондой эле Батыштын Орусияга санкция жана саясий кысым аркылуу таасир этүү тактикасын колдонуусу жаңылыштык экенин, Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу Кытайдын кызыкчылыгына шек келтирбеши керектиги белгиленген.
Эске салсак, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген.
Буга байланыштуу Евробиримдик Орусиянын Украинага кол салуусунан улам орусиялык учактар үчүн аба каттамдарын жабары айтылган. Түштүк Корея жана Сингапур Орусияга каршы экспорттук көзөмөлдү күчөтүү менен Москвага каршы эл аралык санкцияларга кошулган. Канада Орусиядан мунай сатып алууну токтоторун билдирген.