Касым-Жомарт Токаев Украинанын президенти менен телефон аркылуу байланышты

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Украинанын президенти Володимир Зеленський телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Акордонун расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, эки тарап Украинанын аймагындагы кырдаал боюнча пикир алмашты.

"Касым-Жомарт Токаев Украинадагы согуштук аракеттерди токтотуу жана сүйлөшүүлөрдө макулдашууга жетишүүнүн маанилүүлүгүн билдирди.

Эки тарап гуманитардык маселелерде кызматташууну макулдашты", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, сүйлөшүүнү Украина тарап демилгелеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан