Украинадагы акыркы кырдаалга байланыштуу качкындардын саны 1 миллион адамды түздү. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар БУУнун качкындар иштери боюнча жогорку комиссары Филиппо Грандиги таянып жызып чыгышты.
"7 күн ичинде 1 миллион качкын Украинадан коңшу өлкөлөргө киргенине күбө болдук", - деп жазып калтырган Гранди Твиттер баракчасына.
Эске салсак, 24-февраль күнү таңга маал Украина менен Орусиянын ортосундагы кырдаал курчуган. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия Украинага масштабдуу басып кирүүсүн баштаганын билдирген.
Орусия менен Украинанын кагылышуусу башталгандан бери Украина 2 миң 870 аскерин жоготсо, Орусиянын 498 аскери каза болгону жазылды.